Казакстандыктар турак-жайга жана дарыланууга 3,5 млрд доллардан ашык пенсия топтошту

1 октября 2021, 10:50

147 миңден ашуун казакстандыктар пенсиядан топтолгон 2,3 миллиард долларды турак-жай сатып алууга жумшашты.  Бул тууралуу Banker.kz жазды.

Дээрлик 270 миллион доллар насыяны төлөөгө, ал эми 269 миллион доллар ипотеканы төлөөгө жумшалган.

Ал эми 29,7 миң казакстандык 71 миллион долларга жакын пенсиялык топтоолорун дарыланууга жумшады.