Прокуратуранын имаратын курууга 46 млн сомдон ашык каражат жумшалат

4 августа 2022, 12:08

Мамлекеттик турак жай-курулуш департаменти Лебединовка айылындагы прокуратуранын административдик имаратын курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердик сумма 46 млн 920,3 миң сомду түзөт.

Сайттын маалыматына караганда, бул суммага административдик имаратты, коммуналдык жана тейлөө объектилерин куруу, жашылдандыруу кирет.

Жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын берүүнүн акыркы мөөнөтү 17-августка чейин.