Беш жүздөн ашык киши КРнын жарандыгын алды
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинен 548 адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө;
- 399 – чоң киши
- 149 – бала
Ал эми 102 адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол коюлду.
- 83 – чоң киши
- 19 – бала