Кара-Суудагы бала бакчанын курулушуна дээрлик 66 млн сом жумшалат

6 сентября 2022, 09:31

Кара-Суу районуна бала бакча куруу пландалууда. Жаңы тендер мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

Кардар Сарай айыл өкмөтү. Тендердин суммасы 65 млн 928,9 миң сомду түзөт.

Тендердик документацияга ылайык, бала бакчага өрт сигнализациясы, жылытуу, ашканага тиричилик техникалары орнотулушу керек. Тендерде эмерек сатып алуу да камтылган.

Жеткирүүчүлөр 19-сентябрга чейин кайрыла алышат.