Быйылкы жылдын I кварталында ишканалардын 70%дан ашыгы киреше алган жок

28 июня 2022, 11:37

Быйылкы жылдын биринчи кварталында экономиканын реалдуу секторунда катталган ишканалардын 26,3%ы гана киреше алышкан, 21,2%ы рентабелдүү эмес. Маалымат Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылды.

Экономиканын реалдуу секторундагы ишканалардын жарымынан көбү – 52,5% кварталды нөлдүк финансылык натыйжа менен аяктады.

Ошону менен бирге жалпысынан экономиканын реалдуу секторунун ишканалары 22 миллиард 763 миллион сом өлчөмүндө оң балансталган финансылык натыйжаларга ээ болушту. Бул 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 2,5 эсеге көп.