Кыргызстандын 80 миңден ашык ишканасы салыктын санариптик картасында пайда болду

18 января 2022, 13:42

Мамлекеттик салык кызматы 80,4 миң ишкердик субъекттин жайгашкан жеринин маалыматтарын санариптик картага киргизди. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматтар базасына кирген ишканалардын басымды бөлүгү Бишкек шаарында – 42 миң 456, Ош шаарында – 21 миң 496, башка аймактарда – 16 миң 435.

Өткөн жылдын аягынан тарта Салык кызматы Бишкек, Ош шаарларында жана бир катар аймактарда ишкердик субъекттердин жайгашкан жерин электрондук базасын түзүү жана тактоону баштаган.

Кошумчалай кетсек, дислокациянын санариптик картасы “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында түзүлгөн. Анын максаты салыктык башкарууну жакшыртуу.