Кыргызстан 2 млрд сомдон ашык акчага күн карама майын импорттоду

28 ноября 2021, 09:25

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстанга 2 миллиард 182 миллион 507,3 миң сомго 24 миң 259,6 тонна күн карама майы импорттолгон.

Кыргыз Республикасына күн карама майын негизги жеткирүүчүлөр Казакстан жана Россия болуп саналат.

Январдан сентябрга чейин Россиядан Кыргызстанга 1 миллиард 764 миллион 705,1 миң сомго 18 миң 389 тонна өсүмдүк майы жеткирилген. Казакстан – 5 миң 847,3 тонна 414 млн 419,8 миң сомго экспорттогон.