Чүй облустук ооруканалары Баткенге гумжардам жөнөттү

21 мая 2021, 16:30

Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдары Баткен облусуна жалпы суммасы 953 000 сомдук гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтында жазылды.

Гуманитардык жардам катары дары-дармектер, медициналык буюмдар жана жеке коргонуу каражаттары жөнөтүлдү. Мунун бардыгы Баткен облусундагы Тажикстан менен чек арада болгон жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөткөн саламаттыкты сактоо уюмдарына жөнөтүлөт.

Ошондой эле Чүйдүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлери жабырлануучуларга колдоо көрсөтүү максатында бир күндүк эмгек акысын которушкан.