Шайлоого жана референдумга каражаттын көпчүлүгү 2020-жылдын бюджетинде каралган

24 декабря 2020, 16:20

Президенттик шайлоого жана референдумга республикалык бюджеттен 598,4 миллион сом бөлүнөт. Анын 382,3 миллиону ушул жылдын бюджетинен, калган бөлүгү 2021-жылдын бюджетинен каралат. Бул тууралуу Каржы министри Кыялбек Мукашев бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, БШК шайлоо алдындагы иш-чараларды 364,6 миллион сомго даярдайт.

"Тышкы иштер министрлигине 12 миллион сом, Мамлекеттик миграция кызматына 19 миллион жана Ички иштер министрлигине 4,8 миллион сом бөлүнгөн", - деп түшүндүрдү Мукашев.

Өлкө бийлиги шайлоо менен референдумду бир күндө өткөрүү дээрлик 400 миллион сом бюджеттик каражатты үнөмдөйт деп эсептейт.