Борбордогу отканалардын жарымынан көбү күз-кыш мезгилине даяр

18 августа 2021, 16:30

"Бишкектеплоэнерго" коммуналдык ишканасы алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыктар, ишкананын бардык отканаларында оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 66 откананын 47си күз-кыш мезгилине толугу менен даяр. 

Ишкана ошондой эле ар кандай диаметрдеги 1,4 миң метр жылуулук тармактарын алмаштырышкан.