Орусиялыктардын басымдуу бөлүгү депозитти онлайн түрүндө ачууну каалашат

3 декабря 2020, 16:15

Орусиялыктар депозитти банкка барбай эле ача алышат. Бул боюнча атайын изилдөө жүргүзүлгөнүн bankir.ru порталы маалымдады. 

Сурамжылоого катышкандардын 56% депозиттерди интернет-банкинг, 58% мобилдик тиркеме аркылуу ачууга даяр. Азырынча калктын 61% депозитти же эсепти банкка барып ачышууда. 

 

Эксперттер белгилегендей, кардарлардын көбү эпидемиологиялык кырдаалдан улам банкка барганга азырынча даяр эмес. Азыр депозит ачкандардын көлөмү 61 пайыздан 43 пайызга дароо төмөндөдү.