Кыргызстандан чет жакка Бишкектиктер эң көп акча которушат

3 сентября 2021, 08:44

2021-жылдын II кварталында эл аралык акча которуу системалары аркылуу чыккан транзакциялардын жалпы саны 241,3 миң транзакция менен 149 млрд сомду түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр тийиштүү түрдө 40,8% жана 69% га өстү, деп билдирди Улуттук банк.

Региондор боюнча транзакциялардын көлөмү 62,9% менен Бишкекке туура келди.

Экинчи орунда Ош облусу - 16%, андан кийин Жалал-Абад облусу - 6,9% жана Чүй облусу - 8,1% турат.