Кыргызстандыктардын көпчүлүк бөлүгү насыяны 1-3 жылга чейин алышат

27 ноября 2019, 14:30

Кыргызстандын коммерциялык банктары октябрь айынын жыйынтыгы менен 144 млрд сомго насыя бергени маалымдалды. Анын ичинен 42.7% (61.5 млрд сом) 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөт менен берилген. 

59 млрд сомдон ашыгы узак убакытка, т.а. үч жылдан жогорку мөөнөткө берилген. 6 айдан 12 айга 13.4 млрд сом, 3-6 айга - 4.5 млрд сом, 1-3 айга - 1 млрд, 0-1 айга 2 млрд ашык сом насыяга берилген. 

Ал эми убагында төлөнбөгөн насыялардын суммасы 2.7 млрд сомду түзөт.