«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоору: Насыялардын көбүн «Айыл Банк» берген

16 августа 2022, 09:01

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында насыялардын көбүн “Айыл Банк” берген. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, “Айыл Банк” тарабынан жалпы суммасы 2 млрд 78,7 млн сомго 3 миң 249 насыя берилген.

Берилген кредиттердин көлөмү боюнча экинчи орунда “РСК Банк” турат, жалпы суммасы 1 млрд 661.2 млн сомду түзөт.

“KICB” 519 кредитке 290 млн сом, “Коммерциялык банк Кыргызстан” - 128 млн 388.4 мин сомго, “Капитал Банк” 58 млн 580.3 миң сомго насыя берген.

Министрликтин маалыматы боюнча, эң аз каражат “Кыргызкоммерцбанк” тарабынан берилген – 6 кредитке 20,7 млн сом.