Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгү соода тармагына берилген

29 декабря 2020, 17:45

Кыргызстанда насыя портфелдердин көлөмү 162 млрд сомго чыкты. Анын ичинен дээрлик 41  млрд сому соода жана коммерциялык тармактарга берилген. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

 

 

Соода тармагынан соң, айыл чарба тармагына 30.6 млрд сомго насыя берилген. Анын ичинен керектөөчү насыя катры - 17.1 млрд сом, ал эми башка тармактарга - 15.7 млрд сом насыя берилген. 

Курулуш жана өнөр-жай тармагына 14 млрд сомдон насыя берилген.