Улуттук банк: Көпчүлүк төлөм карталары Бишкек шаарында колдонулат

18 ноября 2020, 10:00

Улуттук банктын отчетуна ылайык, жүгүртүүдөгү банктык төлөм карталарынын жалпы саны 2020-жылдын 1-октябрына карата 3,2 миллиондон ашты, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш дээрлик 14% ды түздү.

Регулятордун маалыматы боюнча, бардык карталардын 38,5% (1,2 млн) Бишкекте колдонулат. Андан кийинки орунда Ош (16,2%) жана Жалал-Абад (14,3%) облустары турат.

57,7% (1,8 млн) Elcard картасына таандык, Visa карталардын саны 885 миңге жетти (27,6%), Золотая Корона - 397,5 миң (12,4%).