«Бонецкийдин лабораториясы» анализдин баасын 50%га арзандатты

14 марта 2024, 16:55

"Бонецкийдин лабораториясы" үй-бүлөлүк медицина борбору жана мамлекеттик ооруканалардын багыттамасы менен анализ тапшырган жарандарга 50% жеңилдик берет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги “Бонецкийдин лабораториясы” менен кыргызстандыктар үчүн 50% арзандатуу боюнча меморандум түздү. Министрлик лабораториялык изилдөөлөрдүн баасын төмөндөтүү боюнча бир катар иштерди жүргүздү.