Борбор Азиянын калкынын саны 100 млндон ашат деп болжолдонууда

8 марта 2024, 10:40

Бириккен Улуттар Уюму 2050-жылга карата Борбор Азиянын калкынын саны 100 миллиондон ашат деп болжолдоодо.

Эксперттердин айтымында, Борбор Азия мамлекеттери төрөттүн көрсөткүчү калктын санына барабар же андан жогору болгон мамлекеттердин катарына кирет.

Божомолдорго караганда, Өзбекстан аймактагы калкы эң көп өлкөгө айланат. Андан кийин Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан турат.