Борбор калаада электромобилдерди кубаттоочу станциялар ачылды

3 марта 2023, 09:47

Бишкектин Биринчи май районунда жайгашкан "79" бизнес борборунун аймагына “Эвокс” ишканасынан эки электр кубаттоочу жай орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. 

Маалыматка  ылайык, аталган экодолбоорду Биринчи май районунун акимиаты менен “79” бизнес-борбору орноткон.

“Унаадан чыккан газдар айлана-чөйрөгө түздөн-түз жана узак мөөнөттүү терс таасирин тийгизери белгилүү. Электромобилдерге өтүү зыяндуу чыгындылардын узак мөөнөттүү жана олуттуу азайышына алып келет, бул экология үчүн жагымдуу фактор”, - деп айтылат маалыматта.  

Мындан ары мындай станциялардын санын көбөйтүү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, Биринчи май акимиаты шаардын экологиялык абалын жакшыртуу максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташуу үчүн бизнес өкүлдөрүн чакырды.