Коомдук транспортту текшерүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды

12 января 2023, 09:43

Кечээ, 11-январда борбор калаада коомдук транспорттор текшерилди. Ага Бишкек троллейбус башкармалыгына караштуу муниципалдык ишканалардын, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын, жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын жетекчилери жана кызматкерлери жана 31 жеке жүк ташуучу мекеменин жетекчилери тартылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө пландалган чыгуу, кыймыл аралыгы жана коомдук транспорттун графиги, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталышы текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында пландуу чыгуунун сакталбагандыгы, кыймылдын аралыгы аткарылбаганы аныкталып, күз-кыш мезгилине техникалык жактан даяр эместигинин фактылары да аныкталды.

“Тартип бузган айдоочуларга башкармалык тарабынан дисциплинардык чаралар көрүлүп, мыйзам бузууларды тез арада жоюу боюнча фирмаларга тиешелүү эскертүүлөр берилди. Ошондой эле жетекчилерге кыймылдуу составдын техникалык абалын жана айдоочулардын иш тартибин такай текшерип туруу тапшырылды”, - деп айтылат маалыматта.

Мэриянын маалыматы боюнча, бул сыяктуу текшерүүлөр коомдук транспорттордун үзгүлтүксүз иштеши үчүн суук мезгилде тез-тез жүргүзүлүп турат.