Борбордогу №100 маршруттук каттам муниципалитеттин карамагына өтөт

27 января 2023, 11:10

Бишкектеги №100 маршруттук кичи автобустун айдоочулары маршруттук каттамды жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгына өткөрүп берүү маселеси менен Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгына кайрылышкан. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган департаменттин директору Максат Нусувалиев айдоочулар менен жолугуп, бул маселени талкуулады. 

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Максат Нусувалиев №100 маршруттук кичи автобустарды муниципалитеттин карамагына өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.