Ботаникалык бакта канаттууларды кармап, сатууну көздөгөн жаран кармалды

7 марта 2024, 10:00

Бишкектеги Ботаникалык бакта жаран мыйзамсыз түрдө канаттууларды кармап жүргөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын Ботаникалык бактагы Биоресурстар департаменти Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте канаттууларды мыйзамсыз кармап, аларды сатууну пландаган жаранды кармашты.  

Жогорудагы жаран Октябрь РИИБге жеткирилип, 262-берене (Жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо) боюнча 20 миң сом айып пул салынды. Бардык канаттуулар жаратылышка коё берилди.