Улуу Британия Кыргызстандагы бизнести колдоого даяр

31 августа 2023, 09:22

Кечээ, 30-августта Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты түзүү аркылуу эки тараптуу сооданы көбөйтүү боюнча чараларды көрүү зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары, элчи мырза келерки жылы кичи жана орто бизнести колдоо программасын ишке киргизүү пландалып жатканын, ал учурда иштелип жатканын билдирди.

Өз кезегинде министр бул багытта кызматташууга даяр экенин билдирип, аялдардын ишкердигин колдоо программасы иштелип чыкканын, ал республиканын аймактарында иш менен камсыз кылууну камсыздай турганын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-британ мамилелери мындан ары да прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгө берерине ишеним билдиришти.