БШК жеке коргонуучу каражаттарды алуу үчүн тендер жарыялады

10 марта 2021, 10:20

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашылды. 

 

Тендердин жалпы суммасы 15 млн 41 миң сомду түзөт. 

Бул каражатка төмөнкүлөр сатылып алынат: 

  • тазалоочу каражаттар;
  • медициналык беткаптар,
  • респираторлор;
  • кол каптар;
  • аймактагы шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнө комбинезондор;
  • спирт аарчыгычтар.

Кошумчалай кетсек, 5 млн сомго аймактагы шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнө комбинезондор алынат.