БШК: Шайлоо тилкеден тышкары 18 миң 605 жаран добуш берди

10 января 2021, 14:30

Кыргызстанда 18 миң 605 жаран кечээ, 9-январда шайлоо тилкелеринен тышкары, көчмө урналар аркылуу добуш беришти. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.

 

 

Маалыматка ылайык, мурдараак шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүүгө 21 433 жаран арыз берген.

Ошентип, шайлоо участкасынан тышкары добуш берүүгө арыз берген жарандардын 86,5%ы шайлоого катышты.

2 828 адам арыз берип, бирок шайлоого катышкан эмес, алардын 1008и аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйлөрүндө жок болушкан. Калгандары башка себептер менен добуш берген эмес.