«Кыргыз–венгер» форумунда 50 млн долларлык келишимдерге кол коюлду

14 февраля 2023, 17:00

Бүгүн Венгриянын Будапешт шаарында “КыргызстанВенгрия” бизнес-форуму өттү. Анын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумда жалпы суммасы 50 млн долларды түзгөн эки тараптуу документтерге кол коюлду. Келишимдер эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсүн көбөйтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

“Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фонду аркылуу ата мекендик жана венгриялык компаниялар насыялык келишимдерге жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо, өнүмдү жана товарларды өз ара жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюшту”, - деп айтылат маалыматта.

Бизнес-форумга агроөнөр жай, жеңил өнөр жай, туризм, курулуш, фармацевтика жана башка тармактардан эки өлкөнүн 150дөн ашык ишкерлери катышты.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан менен Венгриянын өз ара соода жүгүртүүсү 2022-жылдын 11 айында 7,6 миллион долларды түзгөн.