Январда бюжетке 8 млярд сом түштү

27 февраля 2019, 15:34

 Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси  2019-жылдын январь айында  8 млрд 405 млн сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында жарыяланды. 

Ведомство Борбордук казыналыктын маалыматына таянып,  2019-жылдын январында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешелери 8 млрд 405,7 млн сомду түздү, анын ичинде республикалык бюджеттин кирешелери – 7 млрд 5,6 млн сом (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын жана МИП гранттарын эсепке алганда).

Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери – 1 млрд 573,7 млн сом.