Бүгүндөн тарта Бишкекте жылуулук кайра бериле баштайт
Бүгүн, 24-марттан тарта Бишкекте жылуулук кайра бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын twitter'деги баракчасында айтылат.
Бул чечим аба ырайынын суукташынан улам кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Бишкекте жылуулук берүү 19-мартта токтотулган.