Бул аптада кыргызстандыктар төрт күн эс алат

18 марта 2024, 09:36

Бул аптада кыргызстандыктар 21-марттан 24-мартка чейин эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Быйыл Нооруз майрамы бейшембиге туура келип, буга байланыштуу Министрлер кабинети 22-мартты жума күнүн жумуш эмес күн деп жарыялады. 

Эскерте кетсек, мектеп окуучуларынын каникулу 21-марттан 31-мартка чейин уланып, сабактар 1-апрелде башталат.