Бүтүрүүчүлөр аттестаттарын качан, кайдан жана кантип алса болот?

22 мая 2020, 14:45

КР Билим берүү жана илим министрлигинен быйыл мектепти аяктай турган мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын качан, кайдан жана кантип алса боло тургандыгын айтып беришти.

 

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аттестат, күбөлүктөр 18-20-июнда берилет. Эгер бул датага чейин өлкөдө абал туруктуу болуп, тиешелүү органдар уруксат берсе, аттестаттар бүтүрүүчүлөргө салтанаттуу түрдө тапшырылат.

«Абал жөнгө салынбаса, ар бир окуучу мектеп берген график боюнча ата-энелери менен эки-үчтөн барып мектептен алып кетишет. 20-июнга чейин аттестат, күбөлүктөр бардык бүтүрүүчүлөрдүн колунда болуп калуусу шарт», - деп айтылат билдирүүдө.

 

Эске сала кетсек, быйыл Кыргызстанда быйыл 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичнен 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер. Ал эми 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын окуучуну түзөт.