Быйыл 3,5 млрд кВт саат электр энергиясын импорттоо пландалууда

26 марта 2024, 09:10

Кыргызстан быйыл 3,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоону пландап жатат.

Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдиргендей, өткөн жылы өлкө дээрлик ушундай эле көлөмдөгү электр кубатын Түркмөнстан, Россия жана Казакстандан сатып алган.

Учурда дагы аталган өлкөлөр менен импорт боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.