Быйыл 960 млн долларга санаториялык-курорттук обьектилер оңдолот

13 января 2023, 12:28

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйында Баткен облусунун Раззаков шаарындагы 4 жылдыздуу мейманкана комплексинин, Баткен облусундагы санаториялык-курорттук комплекстин жана балдардын ден соолугун чыңдоочу лагердин долбоорлору көрсөтүлдү.

“Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коомунун өкүлдөрү 960 млн доллар суммасында 32 бирдиктен турган санаториялык-курорттук объектилер тармагын өнүктүрүү долбоорун сунуштады. “Ак-Кеме” мейманканасын калыбына келтирүү, өлкө аймактарында глемпинг түйүндөрүн өнүктүрүү, Бишкек шаарына жакын жерде кароо аянтчасын түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландары тууралуу маалымат берилди”,- деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууну тапшырды.