Быйыл аймактарда юстиция үйлөрү курулат

1 марта 2024, 11:15

Быйыл Нарын, Талас, Каракол, Жалал-Абад, Баткен шаарларында, ошондой эле Нарын облусунун Кочкор айылында Юстиция үйлөрү курулат. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында айтылды. 

Маалыматка ылайык, бул үйлөр республикалык бюджеттен каржыланат. 

Мындан тышкары, Ош шаарындагы жараксыз абалдагы эски имараттын ордуна мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу Ош юстиция башкармалыгына жаңы имарат куруунун долбоору даярдалды.