Быйыл билим берүүгө бюджеттен дээрлик 66 млрд сом жумшалат

12 марта 2024, 10:25

Быйыл билим берүүгө бюджеттен дээрлик 66 млрд сом жумшалат. Каржы министрлиги билдиргендей, өлкөдө студенттердин саны көбөйгөндүктөн, билим берүүгө чыгымдар да жыл сайын өсүп жатат.

Каражат негизинен билим берүү системасын санариптештирүүгө, окуу китептери менен камсыз кылууга сарпталат.

Белгиленгендей, мектепке чейинки билим берүүгө, орто билимге, жогорку билимге, кошумча билим берүүгө, квалификацияны жогорулатууга, балдар менен мектептен тышкаркы иштер боюнча мекемелерге/иш-чараларга, балдар үйлөрүнө, музыкалык мектептерге, балдардын атайын окуу мекемелерине, балдардын ден соолугун чыңдоочу уюмдарга, билим берүү тармагындагы илимий изилдөөлөргө чыгымдар жыл сайын өсүүдө.