Быйыл Чүй облусуна 328,2 млн сом бөлүндү
Быйыл 2023-жылы Чүй облусуна 328,2 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттар азырынча кайсы тармактарга жумшалары тактала элек.
Каражаттар райондор боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- Аламүдүн району - 5,1 млн сом;
- Кемин району - 20,2 млн сом;
- Ысык-Ата району – 80,0 млн сом;
- Сокулук району – 55,7 млн сом;
- Жайыл району – 70,5 млн сом;
- Москва району – 36,4 млн сом;
- Панфилов району – 15,6 млн сом;
- Чүй району – 44,7 млн сом.
Эске салсак, 2022-жылы аталган облуска 546, 6 млн сом бөлүнгөн. Чүй облусу боюнча 288 долбоор ишке ашырылган.