Быйыл памирлик кыргыздар үчүн Чоң-Алайда 400 үй курулат

25 января 2023, 11:06

Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курулат. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, курулуш иштерин ушул жылдын май айында баштоо пландалууда.

Маалыматка ылайык, бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоого зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат.

“Өлкө жетекчилиги Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат. Бул максаттар үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар”, - деп айтылат маалыматта.