Быйыл дем берүүчү гранттарга 1,5 млрд сом жумшалат

5 апреля 2024, 13:03

Социалдык объекттер мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б. жакшыртуу максатында 2024-жылга "Дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 1 млрд 500,0 млн сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2024-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 439 долбоор бекитилди. 

Белгилеп кетсек, дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.