Быйыл 4,5 млрд сомдук айыл чарба техникасы лизингге берилет

20 февраля 2023, 11:35

Быйыл дыйкандарга лизинг аркылуу 1 500 техника берүү каралууда. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган долбоорду мамлекет каржылайт, анын суммасы 4,5 миллиард сомду түзөт.  

Эске салсак, былтыр 633 трактор, 64 дан комбайны, 5 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар, 211 айыл чарба машиналары, 560 атайын техника, 5 унаа берилген. Анын баары региондорго бөлүштүрүлгөн. Ал эми 2022-жылдагы долбоордун суммасы 3 миллиард сомго белгиленген.