Быйыл “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы 17 адамга берилди

29 августа 2023, 10:00

Быйыл “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы 17 адамга берилди. Сертификаттарды өкмөт башчы Акылбек Жапаров тапшырды.

Республикалык комиссия тандаган 17 жаран 2023-2024-окуу жылында дүйнөдөгү 100 эң мыкты университетке кирген окуу жайларга магистр жана докторлук даражаны алуу үчүн кетет.

Бул максатта президенттик фонддон 60 миллион сомдой каражат бөлүнөрү айтылган. Былтыр “Эл үмүтү” стипендиясын 9 кыргызстандык алган.