Муфтият быйылкы битир-садаканын өлчөмүн бекитти
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2023-жылга карата битир-садаканын өлчөмүн аныктады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, 2023-жылы бир киши үчүн битир-садака:
- 1,6 кг буудай - 50 сом (орточо баасы 31 сом),
- 1,6 кг мейиз - 636 сом (орточо баасы 397),
- 1,6 кг ун - 74 сом (орточо баасы 46 сом),
- 3,2 кг арпа - 90 сом (орточо баасы 28 сом),
- 3,2 кг курма - 986 сом (орточо баасы 308 сом) туура келет.
“Садака-битир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел”, - деп айтылат маалыматта.
Өнүмдөрдүн наркы туруксуз, алардын салмагына көңүл буруу керек. Битир-садака жогорудагы азыктардын биринин наркына барабар өлчөмдө берилиши мүмкүн.