Быйыл консолидацияланган бюджет 602 млрд сомго бааланды

22 января 2024, 14:49

Быйыл 2024-жылдын планына консолидацияланган бюджет 602 млрд сом деп бекитилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө алдын-ала эсептөөлөр менен консолидацияланган бюджет 574,5 млрд сомго жетип, жалпы мамлекеттин консолидацияланган бюджети акыркы 3 жылда эки эсе өстү.