Быйыл Кыргызстан боюнча 100дөн ашык мектеп курулду

29 декабря 2023, 11:00

Быйыл Кыргызстан боюнча 105 мектептин курулушу бүткөрүлүп, 18 мектеп оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мектептер негизинен Ош жана Жалал-Абад облустарында курулган.

Ал эми эң көп оңдоп-түзөөдөн өткөндөрү Ысык-Көл облусуна туура келет.