Быйыл Кыргызстан Орусияга 58 млн долларга кийим сатты

29 ноября 2023, 14:10

Январь-октябрь айларында Кыргызстандын экспорту 2,8 эсеге өсүп, 983 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетине таянып "Reporter.kg" жазды. 

Маалыматка ылайык айрыкча таш көмүр, желимден жасалган буюмдар, нан азыктары жана балык сыртка көп ташылды.

Ошол эле учурда айнек, кургатылган буурчак, пахта, мөмө-жемиштердин жана жаңгактардын экспортту азайган.

10 айда Кыргызстан Россияга 58 миллионго кийим, Казакстанга 126 миллион долларга баалуу металлдардын рудалары жана концентраттарын, 16 миллион долларга  сүт азыктарын саткан.  Түркияга пахта буласы (10,8 миллион долларга) жашылчалар жана мөмө-жемиштерди (12,8 миллион долларга) жеткирген.