Быйыл өлкөдө инфляциянын өсүү деңгээли 5,2 % түзөт
Ушул жылы Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 5,2 % болот. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматтарында айтылат.
Ал эми Улуттук банктын маалыматы боюнча, учурда инфляциянын динамикасы орто мөөнөттүү болжолдоонун алкагында өнүгүп жатат. 2023-жылдын экинчи жарымында инфляциянын басаңдашына дүйнөлүк энергетика жана азык-түлүк рынокторундагы кырдаалдын турукташуусу себеп болору күтүлүүдө.
“Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДӨнын реалдуу өсүшү 7 % түздү. Бул көбүнесе кызмат көрсөтүү, өнөр жай, айыл чарба тармактарында өндүрүш көлөмүнүн жана ички суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу. Ички суроо-талап экономиканы кредиттөөнүн кеңейиши менен да колдоого алынууда. Алсак, 2022-жылдын акырына карата банктык кредит портфелинин өсүшү болжол менен 12 % түздү”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, былтыр жылдык инфляция 14,7 % түзгөн. Ал эми быйыл январга карата баалардын өсүшү 1,2 %ды түздү.