Быйыл өлкөдө сугат мезгили эрте башталат

21 января 2022, 13:20

Быйыл Кыргызстандын бардык аймактарында сугат мезгили эрте башталат. Айыл-чарба министрилигинен билдиришкендей, учурда адистер сууну берүүчү булактарды жана каналдарды аныктап жатат.

"Эгер жаан-чачын азыркыдай эле аз болсо, алгач каналдардын түбүнө сууну сиңдирүүгө туура келет. Андан тышкары, учурда талааларда кар дээрлик жок, андан улам нымдуулук керек болгон жерлерде иштерди жүргүзүү зарыл", - деп белгилешти ведомстводогулар.

Мындай милдет буга чейин бардык жергиликтүү башкаруу органдарына тапшырылган.