Быйыл Нарын облусуна 478,9 млн сом бөлүндү
Ушул жылы Нарын облусуна 478,9 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, азырынча каражат кайсы тармактарга жумшалары тактала элек. Каражат райондор боюнча төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
- Кочкор району - 97,4 млн. сом;
- Ат-Башы району - 110,3 млн. сом;
- Ак-Талаа району- 86,2 млн. сом;
- Жумгал району- 86,9 млн. сом;
- Нарын району- 98,1 млн. сом.
Эске салсак, 2022-жылы Нарын облусуна 505,1 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле, 34 долбоор ишке ашырылган.