Быйыл Нарын облусунда 43 долбоор ишке ашырылат

26 апреля 2024, 13:17

2024-жылы Нарын облусу боюнча 117,4 млн сомго 43 долбоор каржылоого алынды. Бул тууралуу Каржы министрлиги өткөрүп жаткан “Нарын облусунун финансылык системасы: теория, практика жана өнүгүүнүн артыкчылыктары” темасындагы алтынчы облустук илимий-практикалык конференцияда айтылды.  

Министрлик капиталдык салымдар беренеси аркылуу Нарын облусуна республикалык бюджеттен акыркы үч жылда 2,2 млрд сомго 253 объект каржыланганын кошумчалады.

Ошондой эле, 32 объект толугу менен бүткөрүлүп, 15 мектеп ишке берилген. 

“Мамлекеттик тышкы инвестициялардын алкагында Нарын облусунда 13 долбоор ишке ашырууда, алардын жалпы суммасы 401,6 млн доллар. Эл аралык финансы уюмдар тарабынан тартылган инвестициялар транспорт, суу жана айыл чарба тармактарына багытталган”, - деп билдирди Каржы министринин орун басары У. Календеров.