Быйыл Ошто жалпысынан 100дөн ашык объект курулат

5 марта 2024, 09:05

Быйыл Ош облусунда жалпысынан 100дөн ашык объект курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын арасында 26 мектеп, 15 бала бакча, 7 спорттук зал, 2 оорукана, музыкалык окуу жай ж.б. имараттар бар.

Мындан тышкары, 20га жакын мектеп, китепкана, маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.