Быйыл Ошто 100дөн ашык объекттин курулушу жана оңдоо иштери мерчемделүүдө
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын биргелешкен коллегиясынын жыйынына катышты. Минкабдын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2022-жылы Ош облусунда 100дөн ашык объекттин курулуш жана оңдоо иштери пландаштырылууда.
Жыйындын жүрүшүндө облустун жана Ош шаарынын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана ушул жылга пландар талкууланды.