Быйыл салыктык эмес кирешелердин көлөмү 72,9 млрд сомдон ашты

14 декабря 2023, 13:40

Быйылкы жылдын 11 айында мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 72 млрд 992,45 млн сомду же жалпы кирешенин 17%ын түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Январдан ноябрь айына чейинки мезгилде жалпы норматив боюнча түшкөн салыктык эмес кирешелер боюнча такталган план 54 млрд 484,67 млн ​​сомду, аткарылышы – 72 млрд 992,45 млн сомду түздү. 

Бекитилген пландан ашыкча аткаруу 18 млрд 507,78 млн сомду түзсө, 2022-жылга салыштырмалуу (январь-ноябрь) бекитилген план 27 млрд 995,8 млн сомго ашык аткарылып, өсүү темпи 162,2%ды түздү.

Салыктык эмес кирешелердин өсүшүнүн негизги көрсөткүчтөрү:

  • дивиденддердин планы – 16 млрд 770,97 млн ​​сом, жылдык пландын аткарылышы 196,6%ды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 12 млрд 498,18 млн сомго көп түшкөн;
  • акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн киреше 21 млрд 928,3 млн сомду түздү;
  • мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо үчүн жыйымдардан 2 млрд 728,68 млн сом түшкөн;
  • республиканын аймагындагы тоо-кен тармагында иштеген ишканалардын чегерүүлөрүнөн жергиликтүү инфраструктураны кармоого жана өнүктүрүүгө 1 млрд 827,31 млн сом түшкөн. Өткөн жылга салыштырмалуу 430,81 млн сомго ашык аткарылып, өсүү темпи 130,8%ды түздү.